Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда аларга Кыргызстандагы артыкчылык берилген долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуш кылды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Садыр Жапаров кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айтып берди.

"Мамлекет башчысы кытай ишкерлерине Кыргызстанда инвестициялык виза киргизилгенин, инвестициялык категориядагы визалардын мөөнөтү - өлкө экономикасына 10 миллион сом салым кошо турган болсо - 5 жылга чейин, өлкө экономикасы 20 миллион сом салым кошо турган болсо - 10 жылга чейин экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров Кыргызстандын эки тараптын кызыкчылыгындагы транспорт, коммуникация, энергетика, курулуш, айыл чарбасы, туризм жана башка тармактарда кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге азыркы учурда эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

"Президент жалпы эле чет элдик, анын ичинде кытайлык өнөктөштөрдү ГЭСтерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. Кызыкчылык жарала турган болсо, кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча сунуштарды, механизмдерди кароого даяр", - деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө инвесторлорду тартуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү процесси тынымсыз жүрүп жатканына өзгөчө басым жасады.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгышты. Алар Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууга Кытайдын жол жана көпүрө куруу, темир жол, энергетика, транспорт, коммуникация, маалымат технологиялары, билим берүү, туризм жана башка чөйрөлөрдөгү ири компанияларынын өкүлдөрү катышты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан