Келерки "Борбор Азия – Кытай" саммити 2025-жылы Казакстанда өтөт. Мындай маалымат Акорданын расмий сайтына жарыяланды.
"Борбор Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кол коюшту. Кийинки саммит 2025-жылы Казакстанда өтөт. Кытай менен Борбор Азиянын лидерлери бул форматта эки жылда бир жолу кезектешип жолугушуу өткөрүүнү макулдашты", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Борбор Азия – Кытай" саммитине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышууда. Саммит учурда Кытайдын Сиань шаарында өтүп жатат.