Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын Парламентинин Эл аралык комитетинин төрайымы Алисия Кернс менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакасын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Нурланбек Шакиев Кыргызстандын жарандары Улуу Британиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында билим алып жатканын белгилеп, бул жаатта да кызматташтыкты өнүктүрүү менен бөлүнгөн квотанын көлөмүн көбөйтүү сунушун берди.
Ошондой эле кыргызстандыктарды Улуу Британияга ишке орноштуруу боюнча жасалып жаткан иштерди улантуу зарылчылыгына токтолду.
Андан тышкары, парламенттер аралык байланышты чыңдоону демилгелеген төрага тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагындагы алакаларды кеңейтүү маселесин көтөрдү.
Өз кезегинде Алисия Кернс Улуу Британиянын Парламентинин Эл аралык комитетинин төрайымы болуп шайланар менен Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууга басым жасап келе жатканын айтып, жолугушууда көтөрүлгөн бардык маселе маанилүү экенин кошумчалады.
Анын ичинен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү эки өлкө үчүн тең артыкчылыкка ээ экенин белгилеп, Кыргызстан өндүргөн товарларын Улуу Британияга экспорттоодо көптөгөн жеңилдиктерге ээ экенин маалымдады.
Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов, ошондой эле Улуу Британия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Жанарбек Акаев катышты.