Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 19-майда Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Акылбек Жапаров Алматы шаарына “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн барган.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтык, ошондой эле эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин алкагындагы мамилелер күндѳн-күнгѳ тереңдеп жана өнүгүп келе жаткандыгын белгилешти.

"Ушул жылы Кыргызстандын жана Казакстандын аймактарында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу интенсивдүү иш-чараларды өткөрүү күтүлүүдө. Тагыраагы, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 11-жыйыны, кыргыз-казак аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкө ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого жана кеңейтүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан