Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 19-майда Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар ЕРӨБ алкагындагы кызматташууларды, анын ичинде унаа жолдору, каржы жана энергетика тармагын талкуулашты.
Акылбек Жапаров ЕРӨБдүн Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирүү менен банк өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, ал Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттарында олуттуу колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.
"Тараптар алгач ЕРӨБ аркылуу Түп – Каракол унаа жолун реконструкциялоо үчүн каржылык макулдашууну талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Аламүдүн-1 ГЭСин, Аламүдүн-2 ГЭСин жана Чакан ГЭСин реконструкциялоо, ошондой эле Быстров ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана андан ары реконструкциялоо сыяктуу энергетика тармагындагы бир катар маселелер сүйлөшүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууда жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери боюнча өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырды.
Өз кезегинде Одиль Рено-Бассо Кыргызстан менен болгон жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирүү менен сунушталган гранттык-элементтери бар долбоорлордун санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин билдирди.