Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки жана көп тараптуу кеңири чөйрөдөгү кызматташтык маселелери талкууланды.
"Ли Цян эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын оң динамикасын канааттануу менен белгиледи. Анын айтымында, зор рынокко ээ болгон Кытай Кыргызстан үчүн ачык. Ошого байланыштуу Кыргызстандан жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле ал туризм тармагындагы кызматташууга токтолуп, Кыргызстан Кытайдын туристтери тарабынан барууга сунушталган өлкөлөрдүн тизмесине киргендигин өзгөчө белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров кыргыз тарап Кытайдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырарын, кубаттаарын айтты.
Ошондой эле ал өз ара соода деңгээлин жогорулатууда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иши маанилүү роль ойноорун белгиледи. Кыргыз тарап алардын ишмердигин оптималдаштыруу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын ишин жети күндүк график менен күнү-түнү иштөөгө өткөрүүнү сунуштоодо.
Ошону менен бирге мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай менен электрондук коммерция жана санарип каржылык технологияларды киргизүү долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду.
Соңунда Садыр Жапаров Ли Цянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип, ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга чакырды.