Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"20-майдын кечинде Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарын аяктап, президент Бишкек шаарына келди", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасына 17-майда учуп кеткен.