Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 20-майда Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти, Европанын соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис менен жолугушту.
Өмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда соода-экономикалык кызматташуу боюнча эки тарапты кызыктырган маселелер сүйлөшүлдү.
"Жолугушуунуну соңунда Европа Биримдиги тарабынан каржылана турган “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика программасы” алкагында Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Европа Биримдигинин ортосунда биргелешкен документке кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.