Кыргызстан менен Кытай ири суммадагы келишимдерге кол койду (тизме)

Президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 17-20-май аралыгындагы Кытай Эл Республикасына болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

- "China Power International Development Limited" компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 миллион евро;

- Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу — 260 миллион доллар;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "Universal Energy Co. Ltd" компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум — 100 иллион доллар;

- Кыргыз өлкөсүнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd." ортосундагы "Жибек жолунун алыскы шамалы" биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — 38 миллион доллар;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co." ортосундагы "Бишкек сүйүүсү" биргелешкен сериалын тартуу долбоору боюнча кинематография тармагындагы долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу — 25 миллион доллар.

Мындан тышкары, төмөнкү келишимдер боюнча сумма жумушчу тартипте такталып жатат:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен "ТВЕА" компаниясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен "China Energy International Group Co Ltd" жана "China Gezhouba Group International Engineering Co. Ltd" компанияларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Ош шаарынын мэриясы менен "Hunan Junxin Environmental Protection Co., Ltd." компаниясынын ортосунда таштандыларды өрттөөчү завод куруу долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- "ТНК Шумкар" ААКсы менен "Xian Yuanchao" компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында SHACMAN сериясындагы оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү боюнча макулдашуу.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 17-майдан 20-майга чейин мамлекеттик сапар менен Кытай Эл Республикасына барып келди. Мамлекет башчысы сапардын алкагында жубайы биринчи айым Айгүл Жапарова менен "Кытай-Борбор Азия" саммитине да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан