Ленин районунан депутатты шайлоого 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды

Бишкектин Ленин районунан депутатты шайлоого 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

"Кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, “Учкун” ААКсынын басмаканасында жабдуулардын комплектиси орнотулуп, басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздаганы белгиленди.

Кошумчалангандай, шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук байкоочулардын катышуусунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берилди жана 14 килограмм 900 грамм жараксыз бюллетен жок кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан