Жогорку Кеңештин төрөгасы Нурланбек Шакиев айрым аткаминерлерден аты-жөнүн тууралап алууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Сиздерге кеңеш иретинде айтып коёюнчу. Кыргыздын ысымдарына, ата-тегиңиздердин аттарына сый мамиле кылып, кордобоңуздарчы.
Сиздердин аты-жөнүңүздөрдү туура эмес окусам, кыргыз эли мени туура эмес окуп жатат деп ойлойт. Мен тууралап окуп жатам. Мисалы, “Дүйшөнкулович” дегенди “Дуйшенкулович" деп жазат. Кыргызча кылып оңдотуп албайсыңарбы. Дүйшөнкул качан эле Дуйшенкул болчу эле. "Нурдоолот" кыргызча "Нурдөөлөт". Эмне үчүн бул "Нурдоолот" боюнча жүрөт? "Оган" деген жок "Ооган" болот. "Кийизбаева Жазгуль" "Жазгүл", Акимов Азирет Доолатбекович "Дөөлөтбекович". Туурабы?", - деп сынга алды төрага.