Ош мамлекеттик университетинин Казакстанда филиалы ачылды

Ош мамлекеттик университети Казакстанда филиалын ачты. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Белгилүү болгондой, анда билим берүү маселелери боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Казакстанда Ош мамлекеттик университетинин филиалы ачылганы тууралуу эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевден сурады.

Иманалиев кабарды тастыктап, бул Кыргызстандын чет жактарда окуу жайларды ачып жаткан биринчи тажрыйбасы экенин айтты.

Белгилүү болгондой, Казакстандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде ОшМУнун филиалы быйыл апрель айында ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан