Кечээ, 24-майда Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү. Бул туууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда өттү. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, биримдиктин өнүгүү жана тереңдетүү келечегин, ошондой эле интеграциялык процесстердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык туруктуулук, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
II Евразиялык экономикалык форум Орусиянын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, форум алгачкы ирет былтыр Бишкекте өткөн.