Акаев банктар ишкерлерди 20 пайыз үстөк менен насыя алууга мажбурлап жатканын айтты

Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Улуттук банк менен Каржы министрлигин өлкөдөгү коммерциялык банктарга чара көрүүгө чакырды.

Эл өкүлү мындан эки жыл мурун Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкы тарабынан каржыланган Кыргызстандын "Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо" долбоору ишке ашырыла баштаганын белгиледи.

"Кыргызстан Дүйнөлүк банктан чакан жана орто ишкерликти колдоого 150 миллион доллар алган. Анын 100 миллиону кредит, 50 миллиону грант. Ал акча менен ишкерлерге колдоо көрсөтүп тез арада пайызсыз насыя беришибиз керек болчу. Эки жылдын ичинде шашылыш колдоо дегенине карабай, 150 миллиондун 90 миллионун гана ишкерлерге берди. Азыр 60 миллион доллар дагы деле берилбей банктарда турат. Банктар ишкерлерге ар кандай шылтоолорду айтып, насыя берүүнү татаалдаштырып алган", - деди Акаев.

Ошондой эле ал ишкерлерди долбоордун алкагында берилүүчү пайызсыз насыяны алыш үчүн банктар өзүнүн 18-20 пайыз үстөк менен берилүүчү кредиттерин алууга мажбурлап жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш 25.05.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан