Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ата-энелер үчүн жумуш күнүн кыскартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-майда парламент жыйынында сөз кылды.
Анын айтымында, ата-энелердин көпчүлүгү балдар менен эс алуу, ар кандай иш-чараларга баруу үчүн жумуштан суранып жатышат.
"Бирөөгө жооп берет, бирөөгө жооп берилбейт. Муну чечүүнүн жөнөкөй жолун сунуш кылам. Эгер бул күндү "дем алыш" деп жарыялабасак, анда 16 жашка чейинки балдардын ата-энелерине 3 сааттан 5 саатка чейин уруксат берилсин", - деди Бекешев.
Эске салсак, мындан бир жыл мурда парламент бул күндү дем алыш күнүнө айлантууну сунуштаган болчу.
Маалымат үчүн: 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылдын ноябрь айында Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Бириккен Улуттар Уюму балдардын укугун, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары тандап алган.