Президент Москвада ЖЕЭКтин жыйынына катышууда

Бүгүн, 25-майда президент Садыр Жапаров Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери талкууланууда.

ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болуп өттү. ЖЕЭК отурумунун ишине ардактуу мейман катары Азербайжандын президенти Ильхам Алиев да катышууда.

Андан соң жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

Эске салсак, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) - Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы. ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Орусия кирет. 2023-жылы Биримдиктин органдарына Орусия төрагалык кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан