Жогорку Кеңештин депутаттары Малайзиядагы иш сапарынын алкагында аталган мамлекеттин парламентиндеги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча достук тобунун мүчөлөрү менен жолугушту.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, эки өлкөнүн парламент депутаттары саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулап, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да пикир алмашты.
"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу пландарын макулдашты. Ошондой эле аталган өлкөнүн парламентинин жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары да катышып, анын жүрүшүндө вице-спикери Рамли бин Дато Мохд Нор баштаган Малайзиянын депутаттары кыргыз делегациясын сый-урмат менен тосуп алышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын курамында депутаттар Мурадил Сыдыков, Бактыбек Чойбеков, Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Медербек Саккараев, Гүлшаркан Култаева, Тазабек Икрамов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Эльмурза Сатыбалдиев жана Жылдыз Садырбаева бар.