Нурланбек Шакиев тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарага президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты. Жыйында мыйзам чыгаруу процессине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

"Нурланбек Шакиев парламенттин кароосунда турган бардык мыйзам долбоорлору маанилүү экенине токтолуп, аларды өз убагында кабыл алуу зарыл экенин белгиледи. Ошондой эле ал тармактык комитеттердин төрагаларын жана мүчөлөрүн жигердүү иштөөгө чакырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, азыркы тапта парламентте 8 тармактык комитет иш алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан