Садыр Жапаров Мальдив аралдары менен 30 күнгө визасыз режим тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Министрлер кабинети менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 3-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзамда тараптардын макулдашуусуна ылайык Кыргыз жарандары - дипломатиялык, кызматтык, жарандык паспорттордун, ошондой эле Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүктүн ээлери жана Мальдив Республикасынын жарандары - дипломатиялык, расмий, жарандык паспорттордун, ошондой эле убактылуу жол жүрүү документтеринин ээлери тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, кетүү, транзиттик жана убактылуу болуу үчүн, эгер ал жакта болуунун ар бир мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 күндөн ашпаса визалык талаптардан бошотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан