Индиянын Одиша штатында үч поезддин кагылышына электрондук блокировка системасынын бузулушу себеп болгон. Бул тууралуу өлкөнүн темир жол министри Ашвини Вайшнав билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
"Кеп электрондук блокировка тууралуу болуп жатат. Электрондук блоктоодо өзгөрүү болуп, ушундан улам кырсык болду. Аны ким жасаган, кандайча болгондугу иликтөөдөн кийин такталат", - деген ал.
Эске салсак, Индиянын Одиша штатында үч поезддин кагылышуусунан 300дөн ашык адам каза болуп, 1100гө жакыны жаракат алган. Өз кезегинде бул кырсыкка байланыштуу өлкө башчы Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айткан.