Бүгүн, 7-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президент эмирдин визити зор тарыхый мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Катардын эмири өз кезегинде лидерлердин буга чейинки жумушчу сапарлары жана эл аралык уюмдардын аянтчасындагы жолугушуулар эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүгө жакшы түрткү болгонун баса белгиледи.
Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ошондой эле Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 6-июнда Катардын эмири биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.