Лионель Месси эми Кытайда мейманканадан чыга албай калды

Атактуу футболчу Лионель Месси күйөрмандарынын көпчүлүгүнөн Пекин шаарындагы мейманкадан чыга албай калды. Бул тууралуу Global Times басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Аргентина курамасы жайгашкан мейманкананы кытайлык күйөрмандар курчап алган. Алардын саны көп. Мындан улам Аргентина курама командасы машыгууга бара албай калды. Алар Пекиндеги спорт борборлорунун биринде машыгуу өткөрүүнү пландаган болчу.

Ошондой эле кытайлык күйөрмандардын бири Месси жайгаша турган мейманканаларды алдын-ала билип, аны менен жолугушуу үчүн 4 мейманканадан 1400 долларга бөлмө ижарага алган.

Аргентина курамасы 15-июнда Пекинде Австралияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Буга чейин Лионель Месси паспорт көйгөйүнөн улам Пекиндеги аэропортто эки сааттай кармалгандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан