Депутат Балбак Түлөбаев өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылып, өкмөт өкүлдөрү депутаттарга карата тоготпостук мамилесин уланта берсе Жогорку Кеңеш өкмөттүн бир дагы мыйзамын өткөрбөй турганын эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-июнда, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.
"Өкмөттүн аппарат жетекчиси Акылбек Үсөнбековичке кайрылып коёюнчу. Силер каттарды карайсыңарбы? Бардыгы чар-жайыт болуп жатат. Силер Жогорку Кеңештин чечимин аткарбайсыңарбы? Мына вице-премьер министриңер Жогорку Кеңеш цирк, алардын чечимин аткарбай койсок болот деп айтпадыбы. Анда биз дагы өзүбүздүн Конституцияда жазылган укуктарыбызды колдонолу. Айтып коёюн, бул жерден бир дагы мыйзамыңар өтпөйт. Эгер бизге ошондой мамиле кыла турган болсоңор. Каттарыбызга жооп бербей, убактысын өткөрүп жиберсеңер бир дагы мыйзамыңарды өткөрбөйбүз. Азыр депутаттар менен кеңешебиз. Ошол жакшы болобу?" - деди ал.
Балбак Түлөбаев жыйында Кажы-Сай жана Чолпон-Атада жайгашкан радиоактивдүү заттарды сактоочу жайлар кооптуу абалда турганын белгилеп, тез арада чара көрбөсө көлгө чоң зыян келтирерин билдирди. Эл өкүлү бул маселени 2 жылдан бери айтып келе жатканын кошумчалап, иштин аткарылышын кечиктирип жаткан өкмөттү айыптады.
"Мен айтып жаткан радиоактивдүү заттарды сактоочу эки жер азыр толуп калды. Ачык айтайын. Эгерде алар жарыла турган болсо Асман шаарынын кереги жок. Караколго аэропорт салыштын да кажети жок. Эгер жарылчу болсо туризмди көмүп, Ысык-Көл облусун жаап койсок да болот", - деди Балбак Түлөбаев.