Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы алакаларга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу сөз болду.
Алгач Нурланбек Шакиев жакында Мажилистин депутаттарын шайлоо боюнча уюштурулган өнөктүктөн ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, төрага болуп кайрадан шайланган Ерлан Кошановго ийгиликтерди каалады.
Муну менен катар жолугушууда Парламенттер аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле ал Казакстандык кесиптешин өлкөгө расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде Ерлан Кошанов Жогорку Кеңеш менен Мажилистин ортосундагы кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин айтып, күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдө тармактык комитеттердин жолугушуулары оң таасир берип жатканын эске салды. Ошондой эле жаңы чакырылыштагы Мажилисте алгачкы депутаттык топ Кыргызстан менен кызматташуу багытында түзүлгөнүн мисал кылды.
Жолугушуунун соңунда төрага Шакиев баштаган парламенттик делегация Ерлан Кошановдун коштоосунда Мажилистин ишмердүүлүгү менен таанышты.