Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Өлкө аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Аны эл өкүлү Марлен Маматалиев демилгелеген.