Садыр Жапаров Ирандын элчисин кабыл алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегарини кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчысы элчиден ишеним грамотаны кабыл алып, дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жолугушууда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Иран менен эки тараптуу кызматташтыкта соода-экономикалык жана инвестициялык багыттарга басым жасоого кызыкдар экенин белгилеп, бул боюнча кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын олуттуу ролун айтты. Ушуга байланыштуу, аталган комиссиянын кезектеги отурумун ушул жылы Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

"Маданият жана билим берүү жаатында кызматташтык боюнча айтып жатып, Садыр Жапаров кыргыз тарап маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Буга байланыштуу президент маданият күндөрүн, илимий конференцияларды, тарыхый-маданий көргөзмөлөрдү, фестивалдарды демилгелеп, ошондой эле илимий чөйрө ортосундагы түз байланышты кеңейтүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Голам Хоссейн Ядегари Иран тарап экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирип, бүгүнкү күндө бул маселеде потенциал толук ачыла электигин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан