Кытайдын Чэнду шаарында өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк студенттик (Универсиада) оюндарында кыргызстандык жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жөө күлүк 174 өлкө катышкан таймашта 5 миң аралыкка чуркап, жыйынтыгында 3-орунду багындыра алды.
Белгилей кетсек, Кытайда өтүп жаткан Универсиада оюндары 27-июлда башталган, 9-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык студенттер командасы спорттун 5 түрүнөн жеңил атлетика, дзюдо, стол тенниси, таэквондо жана спорттук ок атуу боюнча катышууда.
Аталган иш-чарага Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясы тарабынан 2 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.