Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта айрым жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыкты.Эске салсак, кечээ УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.
Андан көп өтпөй ИИМ бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген. Бүгүн министрлик аталган окуяга байланыштуу 18 жетекчи жазаланганын маалымдаган.
Анда айтылгандай, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулса, калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулган.