Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин кармалышы боюнча 18 жетекчи жазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн ИИМдин коллегиясынын кезексиз жыйыны өтүп, анда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин кармалышы тууралуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы талкууланды.
Жыйынтыгында 18 жетекчи тартиптик жазага тартылды. Алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулду.
Эске салсак, кечээ УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.
Андан көп өтпөй ИИМ бул боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирген.