ИИМ 5 милиция кызматкери УКМК тарабынан кармалганы боюнча үн катты 

Бүгүн, 17-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы милиция кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

"Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмдөрүнүн айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча кызматтык иликтөө иштери башталды. Иликтөөнүн жыйынтыгында өздүк курамдагы кызматкерлерге көзөмөлдүн жоктугун көрсөткөн жетекчилерге карата Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу тартиптик чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылды.

Буга чейин УКМК синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген деген шек менен 5 милиция кызматкери кармалганын маалымдаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан