Президент Ысык-Көлдүн эки районунун акимдерин кызматтан бошотту

Кечээ, 23-мартта президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн эки районунун башчыларын кызматтан бошотту. Алар Түп районунун акими Каныбек Адиев жана Ысык-Көл районунун башчысы Калыбек Жумадылов экенин президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалым болгондой, президент Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык тиешелүү буйрукка кол койду.

Алар бул кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган болчу.

Эки аким тең ээлеген ордунан өз арызынын негизинде кеткени кабарланат. Ал эми алардын ордуна ким келери азырынча белгисиз.

Буга чейин Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн Ысык-Көл жана Түп райондорунун акимдерин иштен алуу боюнча президенттик администрацияга сунуштама бергени айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан