Төрөт учурунда жакындарын киргизүүгө тыюу салыш керек. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда "Ата Журт" фракциясынын жыйынында эл өкүлү Надира Нарматова сунуштады.
Анын айтымында, төрөт учурунда күйөөсүн киргизип койгондуктан кыйналган аялдар көп болуп жатканын айтып, аны жокко чыгаруу керек экендигин билдирди.
"Төрөт учурунда күйөөсүн же болбосо башка жакындарын киргизгенге тыюу салыш керек. Ошонун айынан төрөй албай, көпчүлүгү операция менен төрөп жатышат. Мындай нерсе мусулманчылыкта да, башка диндерде да жок. Бул уят нерсе эмес", - деди Нарматова.
Ага байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өнөктөштүк төрөткө тыюу салынганын айтты.