Төрөбаев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Хэ Лифэн менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө кыргыз-кытай өз ара кызматташуусунун бир катар маселелери талкууланды.

Төрөбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы практикалык кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгиледи. Ошондой эле ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча практикалык аракеттерди жана активдештирүү тенденциясын белгиледи.

Мындан сырткары “Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пункттарынын жанындагы жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, бажы инфраструктурасын модернизациялоо маселелерине токтолду. Жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Аксуу” автожолунун курулушу айтылып, учурда кыргыз тарап андан ары иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон долбоордун болжолдуу техникалык-экономикалык эсептөөлөрүн жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

"Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн ортосундагы кыргыз-кытай достугунун унаа жолун жана көпүрөсүн куруу боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурду. Кытай Эл Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүү жана андан ары өнүктүрүү максатында өкмөт башчынын орун басары өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктунда ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ачуу маселесине токтолду. Бул багытта кыргыз тарап Кытайдын сертификациялык стандарттарын кабыл алууга даяр экени айтылды.", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Төрөбаев Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун түзүү жана каржы тармагында кызматташууну активдештирүү маселелерине токтолду. Атап айтканда кыргыз жана кытай ишкерлеринин бири-бири менен иш алып баруусун жеңилдетүү максатында, Кытай тарапты Кыргызстандын Улуттук банкы менен Кытайдын Улуттук банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюуга чакырды.

Энергетика тармагында Бакыт Төрөбаев гидроэнергетиканы өнүктүрүү, күн жана шамал электр станцияларын куруу, анын ичинде Сары-Жаз дарыясында ГЭС каскадын куруу боюнча артыкчылыктуу долбоорлорго токтолду.

Өз кезегинде Хэ Лифэн эки мамлекеттин башчылары белгилеген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн принциптеринин негизинде эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан