Кыргыз-тажик чек арасынын 13,98 чакырым тилкеси макулдашылды. Жолугушуу Тажикстанда болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, 12-октябрдан 18-октябрга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү.
Ага ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 13,98 чакырымы боюнча макулдашты.
"Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча тиешелүү ишти улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү", - деп айтылат маалыматта.