Бишкекте имараттардан бомба табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 19-октябрда шаардык милициянын “102” кызматына алгач Жогорку соттун, андан кийин Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратында, андан соң "Азия Молл", "Айчүрөк" соода жана оюн-зоок комплекстери бомба бар деген билдирүү түшкөн.
Жогорудагы фактылардын негизинде аталган имараттарда жарандар эвакуацияланып, ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору тарабынан жеринде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Натыйжада саат 14:40ка карата бул имараттарда эч кандай шектүү жана жарылуучу заттар табылган эмес.
Белгилей кетсек, бардык келип түшкөн билдирүүлөр маалыматтар журналына катталып, УКМКнын кароосуна жана окуя боюнча чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилет.