“Азия Моллго” дагы бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү

Бишкекте "Азия Молл" соода борборуна да бомба коюлганы айтылды. Милиция курчоого алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Бишкек ШИИББнин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүгүн, 19-октябрда саат 09:40 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына “Азия Молл” соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ага ылайык, окуя болгон жерге Бишкек ШИИББнын ыкчам-тергөө тобу жана райондук акимчиликтин кызматкерлери дароо барып, жарандар жана кызматкерлер эвакуацияланып, аймак курчоого алынды.

"Учурда тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдорунун келишин күтүп жатабыз", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, буга чейин бүгүн, 19-октябрда Бишкекте Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку жана Ленин сотторунун имараттары бомба тууралуу маалыматтан улам курчоого алынгандыгы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан