Борбор калаадагы "Айчүрөк" соода борборунда да бомба изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, аталган соода борборуна бомба коюлганы боюнча маалымат саат 11:18де түшкөн.
Учурда кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, аймак курчоого алынды.
Атайын кызматтар тиешелүү чараларды көрүүдө.
Мындан сырткары калаадагы бир катар мекемелерде да бомба изделип жатат.