"10 күндө жаңы варианты даярдалат". Шакиев туунун авторлору менен аны өзгөртүүнү талкуулады

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик туунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбеков менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда төрага мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирди.

Шакиев туунун элементтерин тактоодо анын авторлорунун жана кабыл алган инсандардын пикири өтө маанилүү экенин белгиледи.

“Мамлекеттик туу биздин башкы символдорубуздун бири. Эл аралык ар кандай иш-чараларда Кыргыз мамлекетинин эн белгиси катары көрсөтүлүп, улутубуздун намысын коргогон уул-кыздарыбыз да ушул тууну көтөрүп чыгат. Андыктан ага аяр мамиле кылып, түрдүү интерпретациялоого жол бербешибиз керек”, – деди ал.

Ал эми Медеткан Шеримкулов эгемен мамлекетибиздин туусун кабыл алуу учурундагы жагдайларга токтолду.

“700дөн ашуун сунуштар келип түшкөн. Алардын ичинен 100дөн ашууну кароого киргизилген. Аягында мамлекетибиздин түндүгү көтөрүлүп, түптөлүп жаткандыгынын далили катары түндүктү жана күн нурунун элементтерин камтыган туунун варианты жактырылды. Бирок азыркы күнгө чейин баштапкы варианты түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, ар кандай жасалып келгенин көрүп жүрөбүз. Андыктан баштапты концепциясын так сактоо менен айрым бир элементтерине тактоо киргизүү маселесин авторлорунун катышуусунда кайрадан карап чыгышыбыз керек”, – деди Шеримкулов.

Өз кезегинде мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтты.

“Баштапкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эмеспиз. Келечекте такталган вариантын тандап алган соң, аны мындан ары өзгөртүүгө жол бербешибиз зарыл. Айрыкча туунун ар бир элементинин так сакталышын көзөмөлдөөбүз кажет”, – деди Жайчыбеков.

Жолугушуу соңунда Медеткан Шеримкулов, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишерин билдиришти.

Нурланбек Шакиев негизги концепциядан алыстабай, түзөтүүлөрдү камтыган туунун вариантын кабыл алууда авторлорунун жана коомчулуктун пикири сөзсүз эске алынарын кошумчалады.

Эске салсак, Шакиев менен Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун 28-сентябрда коомдук талкууга алып чыккан. Бул демилге коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк сынга алууда.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Мамат Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан