Бүгүн, 16-декабрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында "Кыргызстанга зыян келтирүү менен Бажы союзуна басым көрсөтүү аркылуу кирүү мүмкүн эмес. Бир гана биздин талаптар эске алынган жана улуттук кызыкчылыктарыбыз корголгон шартта бул союздун катарына кошулабыз. Атамбаевди коркутуп же шантаж кылуу мүмкүн эмес. Мен мындайга бышып бүткөм. Сиздерге кепилдик берем" деди.