Икрамов шайлоого катышпагандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун чакыртып алды 

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алды.
Мыйзам долбоору бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралмак. Ал документти оңдоп-түзөп, кайрадан иштеп чыгарын айтты. Мындан улам мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.
Мыйзам долбоору 13-июлда Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлган. Анда шайлоого катышпагандарга 5 миң сом айып пул салуу сунушталган.
21-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитет аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан