Кечээ, 16-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө адам укуктары боюнча жылдык отурум болуп өттү. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык коомдон өкүлдөр катышышты. Иш-чаранын негизги максаты - адам укуктарын сактоо маселелери боюнча жарандык уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы, анын ичинде жергиликтүү бийлик органдары менен Жогорку Кеңештин ортосунда өз ара байланышты чыңдоо болуп саналат.
Мындан сырткары жыйындын жүрүшүндө чет жерде жүргөн кыргыз жарандарынын жана күч түзүмдөрү тараптан укуктары бузулган жарандардын укугун коргоо маселеси каралды.