УКМК Имамидин Ташовго издөө жарыялады (видео)

УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыялады.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, Ташовго карата алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатат. Ал бир катар адамдар менен биргеликте бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.

"Имамидин Ташов өзүнүн кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн Тилекмат Кудайберген уулун жана башка бир катар адамдарды туруктуу негизде каржылаган.

Натыйжада УКМК тарабынан И.Ташовго, Т. Кудайберген уулуна жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнүн 245-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө аларга карата издөө жарыяланды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле атайын кызмат "УКМК кызматкерлери уурдап кетип, 100 миллион сом талап кылды" деген билдирүүсүн четке какты. Мындай билдирүүнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да бүгүн, 10-январда парламент жыйынында да айткан.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ташиев муну четке каккан.

Имамидин Ташовдун кармалганын 27-октябрда УКМК кабарлаган.

Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган болчу.

8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2024-01-10 20:15:00
Азыркы бийликти чынында ишкерлер, соодагерлер багып жатат. Бийлик ишкерлерди бандиттик жол менен тоноп жатканы чын
-1
Azat-123
2024-01-10 23:58:00
Мамлекеттик чыккынчыларды өмүр бою эркинен ажыратуу зарыл
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан