Имамидин Ташовдун видео кайрылуусу: Камчыбек Ташиев ага президент түндө чалганын айтты

Кечээ, 9-январда социалдык тармактарга “KG групп” компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан.

"Декабрь айынын аягында тууну алмаштырууга каршы флешмобдор, тынч митингдер уюштурулуп жаткан. Мен дагы кем калбай жеке пикиримди айтып, өз салымымды кошсом деген ниетим үчүн мени кармап жатышты. Ал менен гана токтоп калбай, ар кандай нерселер менен коркутушту. Компанияга кол салып, бардык мүлкүн камакка алабыз, жакындарыңа залака тийип калышы мүмкүн деп коркутуп көрүштү. 52 миллион сом төктүргөнү аз келгенсип “сол чөнтөккө 100 миллион бересиң” деп араң чыгарышты. Өзүңүздөр билгендей, биздин канчалаган кесиптештер, куруучулар камалып, төгүп, "кусуп" чыгышты", - деген Ташов.

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ишкердин айткандарын төгүндөп, ал жоопко тартыларын баса белгиледи. Ташиев “KG групп” компаниясы Бишкекке салган үйдүн жашоочулары имараттын документи бүтпөй, кызыл китеп ала албай жатышканын айтып УКМКга кайрылышканын билдирди.

"Түндө саат бир жарым, экилерде президент "бирөө сенин кызматкерлериң 100 миллион сурады деп жатат" деп мага чалды. Издеп тапсам, Имамидин Ташов ошентип айтып чыгыптыр. Ал кайрылуусунда "100 миллион сомду атайын кызматтын кызматкерлери сурады" деген экен. Биз соттун чечими, уруксаты менен анын башкалар менен сүйлөшкөнүн жаздырып алганбыз. Ташов тергөө абагында отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүп, Кыргызстанда төңкөрүш кылууну пландап жатышат. Бир нече күн сүйлөшүштү. Ага карабай 52 миллион сом төлөгөндөн кийин Ташовду чыгардык. Дагы эмне кылар экен деп байкап жаттык. Кийин ушул видеосун жарыялады. Биздин кызматкерлер сүйлөшүүнү жаздырып алган экен, ал жерде Тилекмат Куренов “100 миллион деп коё бер, эл ишене берет” деп жатат”, - деди Ташиев.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын, ал каякта болбосун баары бир кармаларын, “өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн" жоопко тартыларын билдирди.

Эскерте кетсек, Имамидин Ташовдун кармалганын 27-октябрда УКМК кабарлаган.

Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган болчу.

8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Ал эми Тилекмат Куренов - жарандык активист. Ал социалдык тармактарда бийликтин ишин сындап келет.

Камчыбек Ташиев ага президент түндө чалганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан