"KG Group" курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов үй камагына чыгарылды

"KG Group"$ курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматта Имамидин Ташов келтирилген зыяндын ордун толук толтуруп үй камагына чыгарылганы айтылат.

Ал 10 батирди жана 52,4 миллион сомдук бир коммерциялык жайды муниципалдык менчикке кайтарып берген.

Эскерте кетсек, Имамидин Ташовдун кармалганын 27-октябрда УКМК кабарлаган.

Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан