Ташполот Балтабаев: Баткенде Тажикстан менен чектешкен аймакта кыргыздар үчүн жолдор буулуп калууда

Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин пленардык жыйынында депутат Ташполот Балтабаев чек арада жайгашкан айылдардын көйгөйлөрүн чечүү керектигин билдирди. 
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда Тажикстан менен чек арада жайгашкан айылдарда кырдаал курч абалда турат.  
“Тажикстандыктар чек арада жайгашкан чайкананы өрттөп салышыптыр. Баткен менен чектешкен жерде жолду бууп, кыргыздарды өткөрбөй жатышыптыр”,- деди депутат. 
Мындан сырткары бул маселе боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытовду чакыруу керектигин белгилеп өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан