"Чек араларда коопсуздук боюнча иштей тургандар Бишкекке көчүп келип алышыптыр" дейт Жылдыз Жолдошова

Бишкекте бүгүн, 18-декабрдагы парламенттин жыйынында Жылдыз Жолдошова “чек ара маселесин карай турган уюмдар жер-жерлерде иштебей, Бишкекке көчүп келип алган” деп билдирди. 

“Түштүктө азыр коопсуздук маселеси тез арада чечилиши керек. Коргоо комитетиби же коопсуздук комитети муну колго алабы, бирок маселе чечилмейинче ички тынчтык орнобойт. Чек араларда күнүмдүк алакалар жүрүп турат. Ошол эле учурда күн сайын келишпестиктер да болуп жатат. Оштогу бул маселени карай турган тиешелүү адамдар Бишкекке келип алышты. Дин, баңгизаттар боюнча жер-жерлерде республикалык мекемелер иш алып баруусу керек эле”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан