Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда үч адамды өлтүргөн деп айыпталып өмүр бою соттолгон Чынтемир Аширалиевдин жактоочусунун апелляциялык арызын кароо улантылды.
Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучунун жактоочусу каргашалуу окуя тууралуу айрым учурлар Аширалиевдин эсинде жок болуп жатканын, мындай кылмышты адам аффект абалында жасашы мүмкүн экенин айтты.
Ал айыпталуучуга соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү жана экспертиза жүрүп жатканда соттук процессти токтотуп туруу боюнча өтүнүч келтирди. Ал буга чейин райондук сот аталган экспертизаны жүргүзүүгө макулдук бербей койгонун билдирди.
Жабырлануучу тараптын жактоочусу буга чейин өткөрүлгөн психиатриялык экспертиза Аширалиевдин акыл-эси жайында экенин көрсөткөнүн билдирди. Ал айыпталуучу кылмыш жообунан качуу үчүн гана "окуя жакшы эсимде жок" деп жатканын белгиледи.
Прокурор дагы кайра экспертизага каршы чыкты.
Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.
Мындан сырткары отурумда соттолуучунун адвокаты тергөө органдарында Аширалиевдин күнөөсүн ырастаган далилдер жок экенин айтып, сот коомчулуктун басымы менен гана акыйкатсыз өкүм чыгарып койгонун белгиледи. Ал соттолуучуну актоону суранды.
Чынтемир Аширалиев окуя болгон күн эсинде жок экенин кайталап, бирок балдарды ал өлтүрбөгөнүн айтып, жазасын жеңилдетүүнү өтүндү. Ал өмүр бою эркинен ажыратпай 13, 15, 20 жыл дегендей белгилүү мөөнөт берүүнү суранды.
Жабырлануучулардын адвокаты муну “жоопкерчиликтен качуу” дап атап, соттолуучунун күнөөсү толук далилденгенин жана биринчи инстанция адилеттүү өкүм чыгарганын билдирди. Ал соттон жазаны жумшартпоону жана өкүмдү өзгөртпөөнү суранды.
Прокурор да райондук соттун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү. Мындан соң соттук коллегия тыныгуу алды.
Эске салсак, 2023-жылдын 16-февралында борбор калаанын 5-кичи районунда 51 жаштагы аял (Алтынай Канзаманова) жана анын 17 жаштагы кызы менен 9 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Чынтемир Аширалиев аттуу Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну өзүнүн үйүнөн кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
3-ноябрда Октябрь райондук соту Чынтемир Аширалиевди үч адамды өлтүргөн деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.
Анын жактоочусу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган болчу.
Маалым болгондой, шектүү Аширалиев кармаш уруш боюнча спорттун чебери болгон. Ал 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына кабыл алынган. Ал эми 2010-жылы аталган кызмат жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген. 2021-жылы эмгек стажына байланыштуу пенсияга чыгып, УКМКнын 9-кызматынан бошотулган. Шектүү жетекчилик кызматтарда да иштеген. Аскердик наамы - майор. Мындан сырткары 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо Баткен окуругунан депутаттыкка талапкер болгон.