Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунун башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ички иштер министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, былтыр ноябрь айынын аягында милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 2018-жылы туруктуу киреше убадалап, "Фаргокоин" криптовалютасын сатуу боюнча бүтүмдүн шылтоосу менен 22 миң долларын жана 1 миллион сомун ээлеп алгандарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген жалпы чыгым 2 миллион 969 миң сомду түзөт.