Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору Талантбек Моңолбаевдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына көңүл айтты. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 18-декабрда билдирди.
Маалыматта “Талант Моңолбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым. Анын туугандарына, жакындарына көңүл айтам жана кайгысын тең бөлүшөм” деп жазылган.
Эске сала кетсек, Талантбек Моңолбаев 15-декабрь күнү кан басымы жогорулап, 52 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 17-декабрда өз үйүндө болду.