Бүгүн Бишкек шаарында “Кыргызстан - кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу фестиваль старт алды. Аталган фестиваль ушуну менен экинчи ирет өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын алкагында улуттук жана эл аралык сыйлыктар каралып, жалпы байге фонду 500 миң сомду түзөт. Кошумчалай кетсек, аталган фестивалга бул жылы 11 өлкөдөн 11 тасма, ал эми Кыргызстандан 16 фильм катышууда.